Кошумча чектөөлөр киргизилет
Новость КТРК

POST1RIGHT

Эпидемиологиялык абалдын оорлоп бараткандыгына байланыштуу Ош облусунда чектөөлөр киргизилди. Кабыл алынган талаптар 10-июлдан күчүнө кирет. Жаңы эрежелерге ылайык, облустун райондор аралык каттамдары токтотулуп, чектешкен аймактарга санитардык-карантиндик посттор орнотулат. 

Мечиттерде жума намазын окууга тыюу салынып, соода базарлары аптанын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү дезинфекциялоо үчүн жабылат. Жарандардын топтошуп, жаратылышка эс алууга чыгуусуна чек коюлат.