Республикалык штабтын койгон тапшырмасына ылайык жана Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде «Семетей» госпитилизация пунктунда (мурдагы «Ганси» авиабазасы) кошумча 30 орундуу жандандыруу бөлүмү даярдалды. Бардык коммуникациялык шарттары: суу, свет, канализация системалары орнотулду. Бул тууралуу маалыматты КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары жарандарга дем алууга керектелүүчү суюк кислород берүүүчү концентранттарды орнотуу иштери жүргүзүлдү. Учурда бир эле мезгилде бейтаптар жаткан 112 орундук кычкылтек менен камсыздалууда.
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров “Семетей” госпитализация пунктунда жаткан жарандарга, аларды тейлеп жаткан медициналык персоналдын, ӨКМ, ИИМ кызматкерлеринин кошумча шарттарын жакшыртуу макстатында тиешелүү меселелерди чечүү үчүн жеринде иш алып барды.