Ош: 11-июлдан тарта 94 орундуу убактылуу “оорукана” иштей баштайт
Новость www

11-июлдан тарта 94 орундуу убактылуу “оорукана” иштей баштайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. POST1RIGHT

Ош шаарындагы А. Навои мектебине күндүзгү стационар жана изоляция ачылды. 94 орун даярдалып, 24 орун күндүзгү стационар катары иштейт.

Түзүлгөн шарт менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, күчөтөлгөн тартипте иш алып баруу тапшырмасын берди.

Стационар 11-июлдан тарта бейтаптарды кабыл ала баштайт. Бейтаптардын жатып дарылануусуна шарт түзүлгөн.