Талас: күндүзгү стационарлар иштеп жатат
Новость www

Талас облусу боюнча күндүзгү стационарлар ачылып, жалпы 570 орун даярдалды. Анда илдеттин жеңил формасы менен ооруп кайрылгандар кызмат көрө алат. POST1RIGHT

Дарылоочу жайлар айылдагы ФАПтарда, район борборлорундагы имараттарда жайгашты. Анда райондук оорукананын мобилдик топторуна кирген дарыгерлер көзөмөл кылып жатышат. Ал эми эл жыш отурукташкан Талас шаарында Газпром спорттук комплексинде 100 орун уюштурулду. Бул жерге жергиликтүү тургундар кайрылып, тиешелүү жардамдарды алгандан кийин үйлөрүнө кайтууда.