Ысык-Көл районунда 297 орундуу күндүзгү стационар, кошумча 85 орундуу бейтапкана иштей баштады. Кошумча орундар пансионаттарда да камсыздалышы керек.
Бул багытта эс алуу жайлары камылга көрүп ар бири жалпы орундарынын он пайызын камдоо боюнча милдеттендирилди. Белгилей кетсек азыр эс алуучулардын чоң агымы аймакта байкала элек. Андыктан азыртадан камылганы өз деңгээлинде көрүү негизки талаптардан болууда.