Сокулук районунда коронавирус илдетин алдын алуу иштери улантылууда. Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте район жашоочуларына түшүндүрүү иштерин улантышты.
Андан сырткары, мобилдик топтор түзүлүп, үн күчөтүүчү аппараттардын жардамдары менен жашоочуларды коомдук жайларга чыкканда беткап тагынып, антисептикалык каражаттарды колдонуп, учурдагы талаптарды так сактоого чакырышууда.
"Кызматкерлер тарабынан соода-түйүндөрү, базарлар, коомдук тамактануучу жайлар жана техникалык тейлөө тармактарында текшерүүлөр жүргүзүлүп, талаптарды сактабаган коомдук жайларга эскертүүлөр берилүүдө. Жугуштуу илдеттин жайылуусун алдын алуу максатында Чүй облусунун бардык аймактарында алдын алуу иштери тынымсыз уланып жатат.