Бишкекте жана Чүй облусунда бейтаптар үчүн орундарды көбөйтүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. Премьер-министр Кубатбек Боронов тиешелүү пункттарды көбөйтүү жана уюштуруу иштерин ыкчам тартипте жүргүзүүнү тапшырды.
Өкмөт башчы бардык медицина кызматкерлерин жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоону туруктуу көзөмөлгө алуу зарылдыгын баса көрсөттү. Премьер-министр Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жана Саламаттык сактоо министирлигинин жетекчилигин сынга алды.
Ооруканаларда орундарды каттоо боюнча электрондук система азыркыга чейин даяр эмес экенин айткан өкмөт башчы, маалыматтык система кыска мөөнөттө киргизүүнү талап кылды.