Калк саламаттыгын камсыздоого камылга - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Онлайн кеңешмеде Коопсуздук кеңешинин облустардагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү боюнча чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Облус жетекчилери жер-жерлерде коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар, калкка медициналык кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат беришти. Президент илдет күчөп турган аймактарда түзүлгөн кырдаалдан сабак алып, дубан башчыларын бардык тобокелдиктерди өз убагында алдын алуулары керектигин белгиледи. Мамлекет башчысы бардык медиктерди, ооруканаларды, күндүзгү стационарларды жана обсервациялык аймактарды зарыл болгон коргоочу каражаттар, жабдуулар жана дары-дармектер менен толук түрдө камсыздоо зарыл экендигин эскертти.

Өлкө башчы айыл жерлеринде илдет жугузуп алгандарды аныктоо жана изоляция режимин сактоого байкоо жүргүзүү боюнча иштерди күчөтүүнүн маанисине токтолду. Ошондой эле дарыканаларда дары-дармектердин запасына көңүл бурду. Ал дары-дармектерге толук аудит жүргүзүүгө, зарыл болгон дары-дармектерди алдын ала камдап коюуга, жетишпегендери тууралуу маалымат берүүгө чакырды. Өзгөчө алыскы райондорду, чек арага жакын аймактарды артыкчылыктуу багытта камсыздоо тапшырмасын койду.

Сооронбай Жээнбеков Бишкектен аймактарга жөнөгөн элдин агымына анализ кылуу менен аймактардагы ооруканаларды бейтаптарды кабыл алууга даярдоону буюрду. Качан гана илдет күчөгөндө алдастап калбай, ыкчам аракет көрүүнү тапшырды. Илдет менен күрөшүүдө бир да айыл кароосуз калбашы зарыл экенин эскертип, ар бир жарандын өмүрү кымбат экенин кошумчалады.

Президент ошондой эле жер-жерлерде дезинфекциялык иштерди күчөтүү керектигин билдирди. Аны менен катар экономикалык сектор менен айыл чарбасы маселелерин унутта калтырбоого чакырды, объектилерди, айрыкча ооруканаларды күзгү-кышкы мезгилге даярдоо керектигин белгиледи. Илдет менен күрөшүп жатып башка тармактар камылгасыз калып калбашы керектигин эске салды.

Мамлекет башчысы илдеттин натыйжалары менен күрөшпөй аны алдын алууга айрыкча көңүл бурду. Бул багытта жасалып жаткан ишти күчөтүү зарылчылыгына токтолду. Аймактарда санитардык-карантиндик талаптардын сакталышына көңүл буруп, айыл кыштактардагы эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоого болгон аракеттерди жумшоо тапшырмасын койду.

Мамлекет башчысы илдеттин натыйжалары менен күрөшпөй аны алдын алууга айрыкча көңүл бурду. Бул багытта жасалып жаткан ишти күчөтүү зарылчылыгына токтолду. Аймактарда санитардык-карантиндик талаптардын сакталышына көңүл буруп, айыл кыштактардагы