Чолпон-Ата: Күндүзгү стационарлар ачылууда - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Чолпон-Ата шаарындагы саламаттыкты сактоо министрлигине караган ден-соолукту чыңдоо борбору райондук бейтапкананын карамагына убактылуу өткөрүлдү. Бул жерде эми корановируска жана пневмонияга кабылган жарандар дарыланат. Комплекстин кызматкерлери бул жерде жүз орундуу бейтапканага ылайыктуу кылып даярдап берген.

Жалпы райондун тургундары үчүн Ала-Тоо пансионатынан күндүзгү стационар кылууга элүү орун даярдалды. Мындан сырткары Чолпон-Ата шаарынын борборунан автобекеттин экинчи кабаты стационар кылууга берилди. Мында дагы толук шарттары түзүлгөн.

Эске сала кетсек Ысык-Көл районундагы эс алуу жайларында да күндүзгү стационарларды уюштуруу боюнча тапшырмалар берилди. Мында ар бир пансионат кабыл ала турган орундарынын он пайызын стационар кылууга ылайыкташы керек.