Жугуштуу илдет тез жайылып жатат - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Казакстанда эпидемиологиялык кырдаалдын курч бойдон сакталууда. Оорулуулардын көбөйүшү дарыгерлердин жетишсиздигинен болууда. Ага кошумча пневмония оорусунун күч алганы да себеп. Казак бийлиги чектөө чараларын узартуу мүмкүнчүлүгүн кароодо.

Коронавируска чалдыккандар боюнча АКШ алдыга чыкты. Акыркы бир суткада 66 миң адам катталды. Мындай көрсөткүч пандемия башталгандан берки алгачкы жолу катталып жатат. Америкада коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 3 млн 100 миң жана андан каза болгондор 133 миңге жетти. Массалык маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, ооруканалар бейтаптардын агымына туруштук бере албай жатат.

Коронавирустан жабыркаган алдыңкы беш мамлекеттин бүгүнкү күндөгү абалы төмөндөгүчө.

Румынияда бир суткада 600 адам бул илдетти жуктуруп алганы тастыкталды. Бул өлкө пандемиянын экинчи толкунун баштан өткөрүп жатат. Греция жана анын коңшу мамлекеттеринде жугуштуу илдетти чалдыккандардын саны арбыганы айтылууда. Афинанын бийлиги болсо дүйшөмбүдөн тартып чектөө чараларынын жаңы түрүн киргизиши мүмкүн.

Каталонияда, Испаниянын түндүк-чыгыш аймагында жана Барселондо сөзсүз түрдө бет кап кийип жүрүү милдеттендирилген. Көчөгө бет капсыз чыгуу 6 жашка чейинкилерге гана урксат берилген. Өзгөчө Каталонияда абал курч болууда, акыркы эки жумада 2000 адам ооруну жуктуруп алган. Мындагы калктын саны 7,5 млн. Бүгүнкү күнгө карата 253 миң адам коронавирус жуктуруп алган жана 28 миң 500 адам анын курмандыгы болгон.

Бүгүнкү күнгө карата дүйнө жүзү боюнча ооруга чалдыккандардын саны 12,5 миллионго жакындады.

Миллиондогон киши оору менен күрөшүп жатат. Бирок адамдар бет кап кийүү, социалдык аралыкты сактоо жана чектөө чараларын аткарбаса, коронавирус токточудай эмес-дейт адистер.