Кыргызстан менен Россия мунайды үстөк төлөмү жок ташуу боюнча кызматташтыкка кол койду. Келишим Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин расмий сапарынын алкагында болду. Эки өлкөнүн ортосундагы ички процедуралар өткөндөн кийин, өлкөгө келип жаткан мунай жана мунайзаттарынан Россия үстөк төлөмдү талап кылбайт. Ошол эле учурда Кыргызстан Орусиянын мунайзаттарын үчүнчу өлкөгө реэкспортко чыгарбайт деген милдеттенме алды. Эске салсак, Кыргызстан Россиядан күйүүчү-майлоочу каражаттардын 90 пайызын ташыйт.