Диний ишмер Чубак ажы Жалилов каза болду. Социалдык тармактарда анын жакындары билдиргендей, мурдараак ал пневмония оорусу менен ооруканага түшкөн.11-июлга ооган түнү Бишкектеги Улуттук госпиталга оор абалда жеткирилип, 1 сааттан кийин каза болду.
Кошумчалай кетсек, Чубак ажы Жалилов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Мундуз айылында 1975-жылы 21-январда жарык дүйнөгө келген.