Ысык-Көл облусу дагы 171 кычкылтек концентраты менен камсыздалды
Новость gov.kg

Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелерине 171 кычкылтек концентраты алынды


Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан аймактарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомчулук тарабынан керектүү медициналык аппараттар жана дары-дармектерди сатып алуу боюнча кечиктирилгис чаралар жасалып жатат.


Областтын медициналык мекемелерине 100 кычкылтек концентраты сатып алынды.

Ошондой эле, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 21 кислород концентраты жана КР Өкмөтү тарабынан облуска 50 медаппараттары берилди.