Семетейчи Сейдене (аудио)
Новость

Кыргыз эл байыркысын санат кылган,

Манасчы "Манас" айтып санат курган.

Ошондой аян алгандардын бири Сейдене Семетейден айтып турган.

Кезинде Кетмен-Төбө (ред. Токтогул району) өрөөнүндө туулуп, кийин сырдуу дүйнөгө туш болуп, анан ал дүйнөнү калың элге жеткире албай, жеткирсе да желкеден баскан түшүнбөстүк дүйнөдөн өстүрө албай, өзүнчө бир татаал дүйнөдө камыгып жашап жүрүп көз жумган Семетейчи Сейдене Молдокеева тууралуу уктуруу назарыңыздарда.