Учурда дары-дармектердин айрым түрлөрүнө суроо-талап жогорулап жатат - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Учурдагы кырдаалдан улам дары-дармектердин айрым түрлөрүнө карата суроо-талап жогорулады. Айрыкча гепарин жана клексан дарыларын издегендер көп. Өкмөт менен кызматташып жаткан фармацевтикалык компания дарылардын баасын жарыялап, андан кымбат сата турган ортомчулар болсо укук коргоо органдарына кабарлоону сунуштады.



Буга чейин эл көп издеген дары-дармектердин баасы кыйла кымбаттаганы байкалып, сатып алуучулардын арасында нааразычылык жараткан. Ишкана болсо наркты жогорулатпаганын, буга ортомчулардын аракети себеп болушу мүмкүн экенин билдирген. Мындан улам айрым дарылардын учурдагы баасы жарыяланды. Канчалык тартыш болгон күндө да кымбатка сатууга жол берилбеши керек.


Дары-дармектердин тартыштыгына байланыштуу маселе коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында көтөрүлдү. Анда тиешелүү тараптарга медикаменттердин жетиштүү корун топтоо тапшырылды. Бул айрыкча өлкө аймактары үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп жатат.

Көпчүлүк издеген гепарин дарысы буга чейин Россиядан сатылып алынчу. Эки күн мурда болсо Өзбекстандан алып келинген. Дары-дармектерди ташып келүү боюнча чет элдик фармацевтикалык компаниялар менен сүйлөшүү жүрүп жатат.