Араван районунда дезинфекциялоо иштери уланууда
Новость www

Өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде Ош облусунун аймактарында залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. 

Тактап айтканда, 2020-жылдын 13-июль күнү КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгы тарабынан жалпы облус боюнча: 70730 м² аянт жер, 34000 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды. Анда, Чон-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы мекеме-ишканаларда, борбордук базарда, азык-түлүк дүкөндөрүндө жана 7800 погондук метр жолдордо, 3300 м² имараттын ичи, 4500 м² имараттын сырты дезинфекцияланды. 

2 даана колдо чачуучу каражат менен 3 куткаруучу тартылды.

Кара-Кулжа районунун борборундагы К.Каратаев, Ч.Пазылов, Жээнбеков, Суранбаев, Калматаев  көчөлөрүндө залалсыздандыруу иштерин жүргүзүлдү.

ӨКМден 1өрт өчүрүүчү унаа, 1офицер ,1айдоочу, 2 куткаруучу тартылды.

13000 погондук метр автоунаа жолдору залалсыздандырылып, 120 кг хлор коротулду.

Өзгөн райондук  ӨКБнүн 1өрт өчүрүүчү автоунаасы менен 3 куткаруучу  Өзгөн шаарынын борбордук базарынын жалпысынан 48 000 м² аянтты жана 8000 погондук метр автоунаа жолдору дезинфекцияланып, 80 кг хлор сарпталды.

Ноокат райондук ӨКБнүн кызматкерлери тарабынан колдо чачуучу апараттын жардамы менен Ноокат райондук админиистрациясы, почта, телеком, РСК, Керемет, Киайсиби банктарында, Ленин, Гагарин, Ош көчөлөрүндө дезинфекция иштери жүргүзүлдү.

Жалпы 7000 м² унаа жолдору, 5000 погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылды.

Алай районунун Гүлчө айылындагы борбордук базарында, борбордук оорукананын териториясында жана Алай райондук ИИБнүн айланасында дезинфекция иштери жүргүзүлдү.

Тартылган күч каражаттар 1 даана өрт өчүрүүчү авто унаасы жана 4 кызматкер.

жалпы: 10 000 п/м.

80 кг хлор иштетилди.

Араван районунун С. Юсупова, А. Анаров айыл аймагынын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан Банктар, аптекалар, мөмө-жемиш базары, эл көп чогулган жерлер, ашкана, ишкана мекемелеринде Араван районунун ӨКБнүн 3 кызматкерлери тарабынан  бир даана колдо чачуучу аппарат менен залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүп 3350 м² имараттын ички, 4580 м² сырты, жалпысынан 7930 м2 жер аянтына залалсыздандыруу иштери жургузулду

Кара-Суу району.  ӨКБнүн 1 өрт өчүрүүчү унаасы менен 4  кызматкери тартылып Кара-Суу райондук борбордук базарынын айланасынын  3000 п/м жолунда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-аракеттер өлкөнүн бардык аймактарында улантылууда.