Ош шаарында эл көп барган жерлер дезинфекцияланды
Новость www

Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасына ылайык Ош шаарынын аймагында дезинфекциялоо иштери болуп өттү. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. 

13-июль күнү, КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаардагы ири делген Борбордук базар, Бостон, Келечек, Тешик-Таш, Кудайберген базарлары, 70 турак үйлөрдүн кире бериш дарбазалары, 22 дүкөн, 5 дарыкана, 8 касапкана, 12 навайкана, 8 май алмаштыруучу жай, 4 банк жана башка эл көп барган жерлерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-аракеттер КР ӨКМ тарабынан Республиканын бардык аймактарында улантылууда.