Нарын: өкмөт тарабынан өпкөнү жасалма дем алдыруучу 20 аппарат берилди
Новость www

Нарын облусуна өкмөт тарабынан өпкөнү жасалма дем алдыруучу 20 аппарат берилди. Мындан тышкары да жеке демөөчүлөр тарабынан ушундай эле 8 жабдуу жардам катары облустук ооруканага тапшырылды. 

Учурда аппараттар оор абалдагы бейтаптар дарыланып жаткан облустагы ооруканаларга бөлүнүп берилүүдө. Дагы да жардамга кол сунуп, ооруну ооздуктоого салымын кошом деген жарандар көп келүүдө,- дейт жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү. 

Учурда шаар боюнча 136 адам ооруканада дарыланууда. Алардын ичинен 35 бейтап коронавирус жуктуруп алгандар болсо, калганы пневмания илдетине чалдыккандар.