Күндүзгү стационарларда электрондук кезек уюштурулат
Новость www

Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек шаарында 15 күндүзгү стационарларга кезектин агымын уюштуруу жана тартипке келтирүү үчүн Мэрияга техникалык жардам катарында 40 ноутбук, 30 термопринтерди өткөрүп берди. 

Маалымат кызматы билдиргенде электрондук кезек системасы оффлайн режиминде иштөөгө ылайыкталган (анткени күндүзгү стационарлардын бардыгында эле интернет байланышы жок).

"Кезекке туруу эки категорияга ээ – консультацияга кезекке туруу жана тамчылатма дары алууга кезекке туруу”, - деп билдирди КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев.

  Анын айтымында жарандарга талон берилет. Медициналык кызматкерлер кезек менен чакырышат, талондордун номерлери тв-мониторлорунда визуалдуу көрүнүп турат.