Түнкү стационарлар оор бейтаптарды кабыл алат - мэрия
Новость www

Борбор калаада ачылган эки түнкү стационар абалы оор бейтаптарды кабыл алып, зарыл болсо аны кычкылтек концентраторуна кошот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. 

Эске салсак, буга чейин борбор калаада эки түнкү стационар даярдалып жатканы айтылган. Бири 7-кичи районундагы "ДСК" спорттук комплекстин имаратында жайгашкан. Ал жакта 120 орун бар. 

Ал эми экинчиси — Фрунзе-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Консул" рестораны. Анда 100 орун даярдалган. "Түнкү стационарлар күндүзгүдөн айырмаланып абалы оор бейтаптарды кабыл алат. Бул жакта медиктер министрлик тарабынан бекитилген алгоритм боюнча дарылап, асма укол коюп, зарыл болсо бейтапты кычкылтек концентраторуна кошот. Шаардыктарга ыңгайлуу болуш үчүн стационарларда мобилдик дарыканалар ачылган", —деп айтылат маалыматта. 

Мэрия түнкү стационарлардан биринчи жардамды жашаган жерине карабастан бардык адамдар, ал тургай Чүй облусунун тургундары да ала алаарын кошумчалады.