Пандемия шартында пайда болгон көйгөйлөр
Новость КТРК

Өкмөт азыркы учурда дары-дармек жетишсиздигин жоюу маселесин артыкчылыктуу багыт катары карап жатат. Бул максатта Премьер-министр Кубатбек Боронов дары-дармектерди кымбат баада саткан кызыл кулактар жана фирмаларга карата чараларды күчөтүлүп жатканын билдирди.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда. Өкмөт башчы стационарларда күн сайын бейтаптар көз жумуп жатканын билдирди, ошондой эле ооруканаларга кайрылган бейтаптардын саны дагы деле көп. Пандемия шартында дары-дармектердин жетишсиздиги жана ага карата баалардын өсүп жатканы чоң көйгөй жаратты. Мыйзамсыз дары ташуу жана наркын кымбаттатуу боюнча 27 факты катталды. 4 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган. 

Өкмөт оору пайда болгон күндөн баштап коронавируска каршы күрөшүүгө колдонуучу дарылардын сыртка чыгуусуна чектөө киргизген. Азыр чет өлкөлөрдөн негизги керектеле турчу дары-дармектер тынымсыз ташылууда. Боронов өлкөдө кычкылтек концентраторлору боюнча маселе толук чечилгенин да айтты. Азыркы учурда өлкө боюнча 3 миңден ашуун кычкылтек концентраторлору иштеп жатат.