Япония Кыргызстанга медициналык жабдууларды алып берет - Кыргызстан жаңылыктары
Новость www

Япония Кыргызстанга 4,6 млн. долларлык медициналык жабдууларды алып берет.  Келишимге 14-июлда Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки менен Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева кол койду. 

Ага ылайык коронавирус инфекциясы жайылган кырдаалды эске алып, жапон өкмөтү Кыргызстанга жогорку сапаттуу медициналык жабдууларды алып бермей болду. Жабдуулар коронавируска чалдыккан адамдарды дарылап жаткан бейтапканаларга бөлүнүп берилет.