Мамлекеттик ишмер, педагог Жанкороз Каниметов 70 жаш курагында дүйнө салды
Новость

Мамлекеттик ишмер, педагог Жанкороз Каниметов 14-июлда 70 жаш курагында дүйнө салды. 

Жанкороз Каниметов 1950-жылдын 30-мартында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылында туулган. Ал Караколдогу мамлекеттик педагогикалык институтун жана Кыргыз улуттук университетин аяктаган. 

Эмгек жолун Ысык-Көл облусунда мектеп директорлугунан баштап, билим берүү тармагындагы жогорку кызматтарды аркалаган. 2007-жылы Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп эмгектенген. Жангороз Каниметов 1995-жылдан тарта Жогорку Кеңештин 3 жолку чакырылышында депутат болгон. 

«Мугалимдин статусу жөнүндөгү», «Билим берүү жөнүндөгү», «Жалпы орто билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдардын автору. «Даңк» медалынын ээси, "Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген мугалими" мамлекеттик наамы ыйгарылган.