Туркия Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү - Кыргызстан жаңылыктары
Новость

6-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Турция мамлекетинин Президенти Реджеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында, 2020-жылдын 7-июлунда саламаттык сактоо тармагына гуманитардык жардам берүү боюнча эки мамлекеттин ортосундагы түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлган.

Турция мамлекетинен гуманитардык жардам Кыргызстанга 15-июль күнү келди. «Turkish airlines» авиакомпаниясынын учагы гуманитардык жардам менен «Манас» Эл аралык аэропортуна бүгүн, саат 11.00дө конду.

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам төмөнкү медициналык жабдуулардан турат:

✅ 20 өпкөнү жасалма дем алдыруу (ИВЛ) аппараттары;

✅ 50 кычкылтек концентратору;

✅ 20 миң ПЦР-тест комплекти;

✅ 20 миң вирусту аныктай турган реагенттердин топтому;

✅ 50 миң N95 коргоочу беткаптары;

✅ 100 миң хирургиялык беткаптар;

✅ 35 миң коргоочу костюмдар;

✅ 2 миң коргоочу беткаптар – козыректор;

✅ 10 миң гидроксихлорохин дарысынын упаковкасы.


Эскерте кетсек, 2020-жылдын 11-12-февралында Туркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту алдын алуу үчүн КР Саламаттык сактоо министрлигине гранттык негизде медициналык коргонуу каражаттарын тапшырган: 200 упаковка тест-системалары, 5 миң бир жолу колдонуучу беткаптар, 200 коргоочу костюмдар, 100 коргоочу фильтри менен беткаптар жана 12 коргоочу көз айнек.