«Азыркы тапта медиктер коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча мүмкүн болгондун баарын жасап жатышат, баарыбыз учурдагы көйгөйлөр менен алекпиз. Бирок, бул илдет менен күрөшүүдө күч-аракеттерибиздин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кырдаалга анализ кылуу жана өлкөбүздө илдеттин мындан аркы жүрүшүн божомолдоо зарыл. Андыктан бул багытта Өкмөткө иш жүзүндө жардам берүү керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, саламаттыкты сактоо жаатындагы өлкөнүн белгилүү адистери менен болгон жолугушууда.
Жолугушууда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, кырдаалга анализ кылуу жана божомолдоо, илдеттин өзгөчөлүктөрү жана аны дарылоо боюнча пикир алышуу болду. Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларынын илимий пикирлерин, ошондой эле өлкөнүн саламаттык сактоо тутумунунун азыркы кырдаалда жаралган көйгөйлөрүн чечүү үчүн практикалык сунуштарын укту.