Өлкөнүн абак жайларында жана тергөө изоляторунда жазасын өтөп жаткандардардын арасынан дене табы көтөрүлүп дарыгерлерге кайрылгандар арбыды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Мындан улам Жазаларды аткаруу кызматынын бейтапканасы жана госпиталында 50 орундуу обсервация даярдалган жана ооругандар үчүн өзүнчө бөлмөлөр уюштурулган. Жасалма дем алдыруучу аппарат жана кислороддук концентратор коюлган.
Аларды жалпысынан 250 медициналык кызматкер тейлеп жатат. Медициналык коргонуучу каражатар, дары-дармектер менен камсыз болушкан. Кошумчалай кетсек Кыргызстандын абак жайларында жана тергөө изоляторлорунда он миңдеген адам камакта отурат.