Кечээ, президент Сооронбай Жээнбеков Адинай Мырзабекованы “Эрдик” медалы менен сыйлоо боюнча жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Мырзабекова Адинай Замирбековна өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн “Эрдик” медалы менен көзү өткөндөн кийин сыйланды.