Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Семетей” обсервациясында жайгаштырылган бейтаптарга, медицина, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине зарыл болгон каражаттарды ар тараптуу камсыздоо иштерин улантууда.
500 даана медициналык бакандар жана 50 даана темир тосмо жасалып, Саламаттык сактоо министрлигине жана «Семетейдеги реанимация бөлүмүнө орнотулуп берилди.
Бул жерде күн сайын дезинфекциялоо, тиричилик жана медициналык таштандыларды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу иштерин уюштуруу, коммуналдык системалардын иштешин камсыздоо, ичүүчү суу менен камсыздоо жумуштар аткарылууда.
Эскерте кетсек, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери медициналык жайлардын жана стационарлардын ишин уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелери боюнча, «Семетей» госпитализация түйүнүнө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жооптуу.