Республика аймагындагы бардык маданий мекемелер эпидемиологиялык абал турукташканга чейин ишмердигин онлайн ыкмада улантат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Анын айтымында, 1-августтан тарта театрлар ишин жандантышы керек болчу, бирок коронавирус инфекциясына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылды.
Коюлган спектаклдер мекеменин интернет баракчаларына киргизилип, онлайн түрүндө ишмердик улантыла берет. Ошондой эле, музей китепканалар интернет аркылуу балдар үчүн кызыктуу рубрикаларды уюштурууда, ага бардык каалоочулар катышып, китеп окуп же тарых менен тааныша алат.
Ал эми спорт жана маданий ийримдер толугу менен токтотулган. Министр бул жагдайды ата энелер түшүнүү менен кабыл алат деп белгиледи. Ошондой эле, азыркы учурда туризм тармагынын ишмердиги дээрлик токтоп турат.