Дары-дармекти туура пайдалануу
Новость

Коронавирус инфекциясынын белгилери пайда болгон жарандарга медициналык көрсөтмөлөр жок өзүн-өзү дарылоо кооптуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы инфекционисти, профессор Айнура Кутманова билдирди.

Анын айтымында, айрым жарандар биринчи күндөн баштап дарыгердин көрсөтмөлөрү жок антибиотиктерди, гормоналдык дарыларды колдонууда. Кутманова дарыгерлердин көрсөтмөсү жок, антибиотик, антикоагулянт жана гормоналдык дарыларды колдонбоого чакырды. 

"Бул дарыларды дарыгердин гана көрсөтмөсү менен колдонуу керек жана оорунун оор формасына гана. Алар менен өзүн-өзү дарылоо өтө коркунучтуу", - деп белгиледи адис.