Борборубузда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Ушундай кыйын учурда шаардыктарды колдоо үчүн ишкерлер, кайрымдуу адамдар кол сунуп, жардам берүүдө.
Бүгүн Октябрь районун аймагындагы Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан "Салтанат" ресторанында 45 орунга ылайыкташтырылган түнкү стационар «Талас жаштар ынтымагы» уюмунун колдоосу менен ачылды. Бул жактан шаар тургундары кечки саат 21:00дөн 9:00гө чейин алгачкы медициналык жардамды, ийне, капельница жана медициналык кеңеш ала алышат.
Мындан тышкары, борбор калаада ооруган жарандарды дагы эки түнкү стационар кабыл алууда.
Алар: 7-кичи райондогу «ДСК» спорт комплекси жана Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Консул» рестораны.