Саламаттык сактоо министрлиги 20 медициналык мекеме үчүн жеке коргонуучу каражаттарды алды
Новость

БУУнун Калк фонду Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине 20 медициналык мекеме үчүн жеке коргонуучу каражаттарын берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жардам катары 5,5 миң даана кол кап, халат, коргоочу костюм, хирургиялык респиратор, беткап, коргоочу көз айнек берилген. Бул жеке коргонуучу каражаттар Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, Бишкек шаарындагы, Нарын жана Ош облустарындагы саламаттык сактоо мекемелерине тапшырылат.