Белгилүү ырчы Малик Аликеевдин эки операциясы тең ийгиликтүү болду
Новость gov.kg

Белгилүү ырчы Малик  Аликеевдин эки жолку операциясы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Кечээ, 20-июлда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов  Бишкек шаарындагы №4 ооруканасынын Травматология жана ортопедия бөлүмүндө дарыланып жаткан Малик Аликеевден кабар алды. 

Буга чейин ырчыга  аталган ооруканада жамбаш сөөгүнө  операция жасала тургандыгы айтылып, дарылоонун жүрүшү жана Малик Аликеевдин ал - абалы министрдин көзөмөлүндө боло тургандыгы айтылган.


Учурда Малик Аликеевге жамбаш сөөгүнө эки жолу операция жасалып, ал  ийгиликтүү жыйынтыкталды. Жакынкы  күндөрдүн ичинде ырчы ооруканадан чыгып,  эми чыгармачылыгы менен алектенет.