Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев дүйнөдөн кайтты
Новость KTRK/videograp

Белгилүү коомдук ишмер, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Жыпар Жекшеев түндө оорунун айынан каза болду. Жакындарынын айтымында, ал Бишкектеги улуттук госпиталда COVID-19 илдетине каршы дарыланып жаткан. 


Жыпар Жекшеев 1947-жылы 26-майда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу кыштагында туулган. 

Ал 1971-жылы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, 1988-жылы Мамлекеттик көркөм өнөр институтун аяктаган. 1999-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде укук адистиги боюнча магистратураны аяктаган. Жекшеев 1989-жылы жайында Кыргызстандагы туңгуч демократиячыл уюмдардын бири болгон “Ашар” козголушунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. 1990-жылы май айында ал “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын беш теңтөрагасынын бири болуп шайланган.Кыргызстандын эгемендик алуу үчүн күрөшүнө салымы чоң. 


2017-2019-жылдары ал КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеп, кийин өз ыктыяры менен жумуштан кеткен. Жекшеев Кыргызстандын "Кайра куруулар" доорунан берки коомдук-саясий турмушуна, “Ашар” менен КДКнын тарыхына байланыштуу кыргыз жана орус тилдеринде 3 китеп, 100дөн ашуун ар кыл публицисттик макалалар жарыялаган. Ал Кыргызстандын “Даңк” медалы, “Манас-1000” эстелик медалы, Казакстандын Ардак грамотасы менен сыйланган. Жыпар Жекшенин артында жубайы, эки кыз, төрт уулу калды.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү жана КТРКнын жалпы жамааты Жыпар Жекшеевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.