Жакында жаңы ооруканалардын курулушу башталып, өлкө аймагындагы колдонулбай бош турган имараттар ооруканага ылайыкташтырылат. Бул тууралуу брифингде Премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Өкмөт башчы Кыргызстан эпидемиянын ар кандай кырдаалына даярдык көрө турганын белгиледи.
Дарыгерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн кыска аралыкта окутуудан өтөт, жер-жерде бейтаптар үчүн орундар көбөйтүлүп, медициналык мекемелер керектүү каражаттар менен камсыздалат.