22-июль күнү 15000м2 аянты дезинфекцияланды. Участоктон күнүгө орточо эсеп менен 10-12 м3 таштандылар чыгарылат. Госпиталда 3 дарыкана орнотулган, анын экөөсү күнү-түнү иштейт.
Бүгүнкү күнгө карата “Семетей” госпитализация пунктунда бейтаптарды дарылоо үчүн 600 орундук даярдалган болсо, анын ичинен 143де бейтаптар дарыланып жатат, калган 457 орундук бош. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орундук бар болсо, учурда 31 оор абалдагы бейтап бар, калган 19 орундук бош