Бишкектеги ооруканалар менен убактылуу стационарларда иштеп жаткан медициналык кызматкерлерди жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу иштери улантылууда.
Бул максатта Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан кошумча дагы 104 миллион сом бөлгөн. Ооруканалар менен медициналык мекемелердин өкүлдөрү дарыгерлерге керек кийим, бет кап, көз айнектер жетиштүү экенин билдиришти.