Өлүкканадагы мыйзамсыз көрүнүштөр териштирилет
Новость KTRK/videograp

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы коронавирустан каза болгон адамдардын жакындарынан акча талап кылган өлүкканадагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү териштире баштады. 

Буга социалдык тармактарга жарыяланган пикирлер жана келип түшкөн арыз даттануулар негиз болгон. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу” беренеси менен каттоого алынды.