Тарап жаткан тумоо менен күрөшүүдө кыргызстандык дарыгерлерге көмөк көрсөтүү максатында Россиядан дарыгерлердин экинчи тобу келди. Ак халатчандарды алып келген учак "Манас" аэропортуна бүгүн таңга маал конду.
Коронавирус менен күрөшүүгө келген медиктердин басымдуу бөлүгү Башкыртстандын дарыгерлери. Арасында анестезиолог, реаниматолог, инфекционист, кардиолог, пульмонолог, хирургдар бар.
Өнөктөш өлкөнүн медиктери кызыл зонада иштеп, кыргызстандык дарыгерлерге жардам көрсөтүшөт, кеп-кеңештерин беришет. Болжол менен алар Кыргызстанда 30 күндөй болушат.