Жугуштуу эмес илдеттерге кабылгандар кайда барып, кантип дарыланып жатышат?
Новость KTRK/videograp

Азыр Кыргызстанда 10 го чукул оорукана толугу менен жабылып, бир гана пандемияга каршы иштеп жатат. Ал эми адамзаттын жашоосунда СOVID-19 дан башка дагы дартка чалдыккандар бар. Башка жугуштуу эмес илдеттерге кабылган жарандар кайда барып, кантип дарыланып жатат, ушул тапта алар үчүн дарыгерлер жетиштүүбү? 

Пандемия жок жай турмуш учурунда улуттук онкология борборунун коридорлору да койкаларга толуп, бейтаптар үчүн орун жетишсиз болуп турар эле. Ушул тапта бул жердин баары бош экенин көрүп турасыздар. Бул жердеги дарыгерлердин айтымында пандемия учурунда бейтаптардын саны 50 пайызга азайган. Мисалы бул палатага кирип көрөлү, болгону эки бейтап жатат. Бул бир четинен аралык сактаганга ыңгайлуу болот.