Өлүкканада сөөктү алмаштырып берип коюп жатат деген факты териштирилүүдө
Новость KTRK/videograp

Саламаттык сактоо министрлиги жакынын жоготкондорго башка бирөөнүн сөөгүн берип коюп жатат деген факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. 

Буга чейин социалдык тармактарда сөөктүн алмашып кеткени боюнча билдирүүлөр жарыяланган. "Азыр шаарда жана аймактарда сөөктү берүү жол-жобосу канчалык деңгээлде туура аткарылып жатканы боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө. Маалым болгондой, буга чейин Каржы полициясы иликтөө иштерин баштаган. Анын алкагында иштер жүрүп жатат", — деди Акматова. 

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы каза болгондордун туугандарынан өлүкканада акча талап кылган фактыларды аныктаган. Протокол боюнча Кыргызстанда COVID-19 жана пневмониядан каза болгондордун сөөгү ачылыш керек. Аларды жакындарына өткөрүп берээрден мурда дезинфекциялап, атайын целлофанга орошот. Аны эч ким ачпашы керек.