Кредиттик саясат өзгөрдү
Новость KTRK/videograp

Президент Сооронбай Жээнбеков бугун  Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна" маек куруп бир катар суроолорго жооп берди. Анда мамлекет башчысы кредиттик саясат өзгөргөндүгү туурасында кеп салып,  5 жылдык кыска мөөнөттүү насыяларды алууну токтотуп,  тышкы карыздын жүгүн мындан ары жеңилдетуу керектигин айтты. Ошондой эле, жеңилдетилген насыяларды, айрыкча гранттарды алууну туура көрүп жатабыз- деди Президент.