27-июлга карата оорукана менен стационарларда 1400 бош орун бар. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык Темир жол ооруканасында 11, Улуттук хируругия борборунда 2, Улуттук госпиталда 162, №1 интернатта 98, Курортологияжана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунда 190, №1 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасында 48, "Семетейде" 517, Интергельподо - 99, Көзү азиздер жана көрүүчү начар балдардын интернатында 44, «Discovery» мейманканасында – 13, «Rixon» отелинде – 16, «Ынтымак» медресесинде – 39, Республикалык наркология борборунда - 83, Дайыр Асанов атындагы окуу жайда - 50, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясыныда - 17, Улуттук кардиология жана терапия борборуда 11 бош орундук бар.
Ал эми Улуттук фтизиатрия борборунда бош орун жок.