"Бишкек - Новосибирск" каттамы менен Новосибирскке учуп барган тогуз жүргүнчүдөн COVID-19 тастыкталды. Бул тууралуу Роспотребнадзор аймактык башкармалыгынын башчысы Александр Щербатов аймактык бийлик менен ыкчам жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, алар 23-июлда Новосибирскке бараары менен обсервацияга киргизилип, текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында тогуз жаранда коронавирус аныкталган.
Новосибирск облусунда буга чейин чет жактан келген жарандардан оорунун белгилери байкалбаган учурлар катталган эмес-дейт маалыматта.