Саламаттык сактоо мекемелерине ыктыярчылардан, ишкерлерден жардам алууга тыюу салынган эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
“Социалдык тармактарда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине эл аралык донор, бизнесмен, ыктыярчылардан гуманитардык жардам алууга тыюу салынды деген маалымат жарыяланган. Саламаттык сактоо министрлиги гуманитардык жардам алууга тыюу салуу тууралу расмий тапшырма, буйрук чыгарган эмес. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан андай тапшырмалар өлкөнүн бир дагы аймагына жөнөтүлгөн жок. Учурдан пайдаланып, эпидемия башталгандан бери өлкө үчүн кыйын күндөрдө биздин клиникаларга, дарыгерлерге, саламаттык сактоо системасына жардам көрсөткөн ыктыярчыларга, эл аралык уюмдарга, жеке ишкерлерге, жарандарга ызаарычылык билдиребиз", деди Айнура Акматова.