Бүгүн Кыргызстанга Екатеринбургдан 299 мекендешибиз келди
Новость www

Алардын арасында жаш балдар бар экенин Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, каттам менен Бишкекке Россияда окуган студенттер, Екатеринбург, Курган, Сургут, Ханты-Мансийск, Салехард, Ноябрьск, Жаңы Уренгой жана Пермден кайтып келүүгө муктаж болгон жарандар келди. 

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Уралдагы кыргыз диаспора уюмдарынын кеңеши менен түзүлдү. Жарандарды чет мамлекеттерден алып келүү иштер дагы уланмакчы.