3-августка караган күнү Бишкектин стационарларында жалпы 1316 орун бош турат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча күндүзгү жана түнкү 15 стационар иштеп жатат.
«Семетей» обсервациясында - 360, Таш-Дөбө айылында жайгашкан Кыргыз курортология жана реабилитациялоо илимий изилдөө институтунда - 222,
- Улуттук госпиталда - 207, №1 интернатта - 113 бош койка бар.
Эң аз орун Бишкектеги Темир жол ооруканасында. Бул жерде 14 бош койка даяр. Мындан тышкары Республикалык наркология борборунда, №1 шаардык клиникалык ооруканасында, Көзү начар көргөн жана көзү азиз балдардын мектеп-интернатында, «Ынтымак» медресесинде, Суворов атындагы аскердик мектепте, Улуттук фтизиатрия борборунда, «Rixon» мейманканасында, Улуттук хирургия борборунда, Улуттук кардиология жана терапия борборунда, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында даярдалган стационарлардын ар биринде жүздүн тегерегиндеги керебет бош турат.
Флаги блока: