Кыргызстанда коронавирустан, пневмонияны эсепке алганда дагы 11 киши каза болду. Бишкек шаарында 4 киши, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 1, Нарын облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 3 жана Баткен облусунда 1.
Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын билдирген маалыматына караганда, өлкө боюнча оорудан март айынан бери жалпысынан 1 миң 420 киши дүйнөдөн кайтты. Ал эми, бир кун ичинде Кыргызстан боюнча коронавирустан, пневмонияны эсепке алганда 653 адам айыгып чыкты.