Бишкекте ооруканадан тышкары ачылган стационарларга кайрылгандар азая баштады. Эки апта мурда күндүзгү стационарларга бир суткада 4 жарым миң адам кайрылып жатса, өткөн жумада 3 миңге чукул адамга жардам көрсөтүлдү. Ал ортодо ооруканаларда ремонт иштери башталды.