Бишкектен медиктердин тобу реабилитациялык максатта Ысык-Көлгө эс алууга кетишти
Новость KTRK/videograp

Бишкектен медиктердин тобу реабилитациялык максатта ден соолугун чыңдап, калыбына келиш үчүн Ысык-Көлгө эс алууга кетишти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарында иштеген 54 медиктен турган топ реабилитациялык максатта Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде эс алышат.